Биз менен байланышыңыз

Коомчулуктун талкуусуна кабылган министр кызматтан алынабы?

Коом , Саясат | 18 Мар 2022 | 3731 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматка келгенден берки, айрыкча акыркы убактарда жасаган аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү коомчулуктун сынына, азилине кабылып келет. Анын «реформа» деп сыпаттаган чараларына каршы чыккандар да, тескерисинче, колдогондор да бар.

Бүгүн, 18-мартта бир катар дарыгерлер, медицина адистери басма сөз жыйын өткөрүп, бийликке министрди кызматтан алуу талабын коюшту. Жыйындын урунтуу учурларынан учкай баяндайбыз. 

Өткөн айда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун медициналык борбору чыгарылып, коронавирусту дарылоочу аймак болорун билдирген. 10-мартта министр дарыгер Көздүн микрохирургиясы госпиталына барып, мекемени үч сааттын ичинде бошотуп, чыгып кетүүлөрүн талап кылган.

Бул окуядан көп өтпөй 14-мартта Исманкуловдун борборунун кире беришине кум-шагыл төктүргөн видео социалдык тармакка тарап, коомчулуктун талкуусуна кабылган. Министр бул аракетин «аргасыз чара» деп түшүндүргөн.

Аталган оорукананын жетекчиси Алмазбек Исманкулов мекеме кадимки тартипте бейтаптарды кабыл алып иштеп жатканын 18-мартта билдирди.

Ошондой эле мекеменин ижара акысын төлөө боюнча бир да маселе жаралбаганын, мэрия менен түзгөн келишими дале күчүндө экенин айтты.

«Биз 30 жылдан бери элди дарылап келе жатабыз. Бүгүнкү учурга чейин 160 миң адамды дарыладык. Күн сайын теледен «жаап таштады», «аппаратурасын алып кетти», «кетип жатат» деген кабарларды көрөбүз. Билбейм, биз мурункудай эле иштеп жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен бир да кат ала элекпиз. Булар иштегенди, документ иштерин жүргүзгөндү билеби? Кайсы бир медициналык мекеме менен мамиле түзгөндү билеби? Бир да кат жок. Бирок күн сайын ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бейтаптар: «Баруу керекпи же токтоп калдыбы?» — деп арасат калууда. Биз иштеп жатабыз. Мына азыркы учурда операциялар болуп жатат».

Аны менен катар Исманкулов мекеменин айланасында жаралган кырдаал боюнча Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке кайрылганын кошумчалады.

Бул министр Алымкадыр Бейшеналиевдин чуу жараткан окуяларынын биринчиси эмес. Алгач «уу коргошундун кайнатмасы менен COVID-19 илдетин дарылайбыз» деген сөзү коомчулуктун талкуусуна алынса, мындан бир ай мурун Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековду кызматтан алып, борборду клиникалык тез жардам ооруканасы кылып өзгөрткөнү талаш-талкууга жем таштаган.

Сабырбек Жумабековдон тышкары бир катар медицина мекемелеринин, ооруканалардын жетекчилери, алсак, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков жана башкалар кызматынан алынган.

14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасынын алдындагы Жалпы хирургия илимий борбору жабылганын билдирген. Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов ишинен бошотулганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган. Министр Акрамовду сынга алып, ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес деген пикирин айткан.

Мындан көп өтпөй коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо боюнча штаб түзүшкөн.

Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова министрдин саламаттыкты сактоо жаатындагы жасап жаткан соңку иштерин тармакты кыйратуу аракети катары баалады.

«Калктын саламаттыгына жоопкер медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарын камсыз кылуу милдети жүктөлгөн орган – Саламаттыкты сактоо министрлиги. Бирок тескерисинче, министр бул тармакта депрессия, дүрбөлөң, үмүтсүздүк жаратып, ошону менен катар медицинага тиешеси жок толугу менен түшүнүксүз аракеттерди жасап жатат. Соңку болуп өткөн окуяларга унчукпай коюуга болбойт. Медицина тармагынын эң негизги вазыйпасы: агартуучулук, адамдын эркиндиги, жашоосу, укугу үчүн күрөшүү. Азыр ушунун баары коркунучта».

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Балдар фондунун төрайымы Галина Куликова министрдин хирург Эрнст Акрамовдун дарегине айтылган сөздөрүн сынга алып, бийлик өкүлдөрүнөн аны кызматтан алуусун талап кылды.

«Биз бүгүн бийлик органдарынан министр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотууну талап кылабыз. Бейшеналиевдей адамдар адамдын физикалык абалын гана эмес, жан дүйнөсүн да айыктыруу үчүн иштелип чыккан системаны башкарууга моралдык да, саясий да, адамдык да акысы жок. Биз жана биздин штаб, биздин кайрылууга кошулуп жаткан жаткан адамдар да саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан алынуусун талап кылабыз».

Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында айрым депутаттар Алымкадыр Бейшеналиевдин белгилүү академиктерге кылган мамилесине нааразылык билдиришкен.

Эл өкүлү Камила Талиева Алымкадыр Бейшеналиевдин хирургдарда өчү же өксүгү бардай сезилерин айткан.

«Министрдин хирургдарга өчү барбы же өксүгү барбы? Жалал-Абадда дагы бир Калдарбек Абдраманов деген кардиохирург профессорубуз бар. Ал кишини да кызматтан алды деп жатат. Бүт коллективи президентке чейин кайрылып жатат. Эми кол менен санап ала турган ушундай хирургдарыбызды сактайлы. Бүгүн эмне деген саясат жүрүп жатат? Албетте, министрибиздин «медициналык окуу жайларды жаап жатам», «кыскартып жатам» деген саясаты туура болсо, колдойбуз деп жатабыз. Ошол эле кезде министрибиз этиканы сакташы керек да. Каяктагы этикага туура келбеген мазактоолорду айтып жатат».

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылганын айтып келет. Ошол эле учурда министрдин аракеттерин колдогондор да көп болууда.

Copyright © 2017 Maral FM