Биз менен байланышыңыз

Ишкерлердин социалдык төлөмүн азайтуу көмүскө экономиканы ооздуктайбы?

Экономика | 17 Мар 2022 | 750 | 0

Экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү максатында Социалдык фонд кызматы «Мамлекеттик социалдык камсыздоо тарифтери жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштады. Аталган мыйзамда орто жана чакан ишкана ээлеринин социалдык төлөмү 27.25%дан 22%га жана 27.25%дан 14%га чейин азайтылат. Ишкерлер бул мыйзам долбоорун колдойбуз дешкени менен дале болсо жетишсиз чара катары сыпатташууда. Ал эми адистер өтө көп деле төмөндөтүү эмес экенин, бизнеске олуттуу таасири тийбей турганын айтышат.

Экономика жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстандагы орто жана чакан бизнестин Ички дүң өндүрүмдөгү (ИДП) үлүшү 40%ды түзгөн. Бул үлүш коңшу мамлекеттерден айырмаланып, өнүккөн өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнө жакын. Тактап айтканда, экономикасы кубаттуу өлкөлөрдө бизнестин ИДПдагы үлүшү 50-60%дын тегерегинде. Эксперттер өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү 20-45%га чейин жетерин айтып келишет.

Өкмөт көмүскө экономиканы ооздуктоо жана ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү максатында «Мамлекеттик социалдык камсыздоо тарифтери жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштады. Учурда долбоор Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева мыйзам долбоорунун максаты ачык-айкын иш алып барган ишкерлерди колдоо экенин билдирди.

«Негизи бул мыйзам эрте кирет эле, пандемияга байланыштуу убактысы 1-2 жылга жылып кетти. Учурда мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Орто жана чакан бизнес ээлери эгерде 5 кызматкерден көбүрөөк көрсөтсө, социалдык төлөмүн 27.25%дан 22%га чейин түшүрүп жатабыз. Иш берүүчү 12% төлөйт. Ал эми 15 кызматкерден көп көрсөтүп, аны менен катар орточо эмгек акыдан да көбүрөөк көрсөтсө, анда 14%га чейин, анын ичинен иш берүүчүдөн 17%дан 4%га чейин азайтабыз. Муну менен ачык, ак ниет иштеп жаткан, өлчөмдөрүн, кызматкерлерин толук көрсөткөн иш берүүчүлөрдү колдойбуз. Ал эми жаап-жашыргандарды ачыкка чыкканга стимул беребиз». 

Адистердин айтымында, ишкерлер өзүндө иштеген адамдардын санын эки эсе азайтып көрсөтөт. Себеби киреше салыгы менен эле Соцфонддун 27,25%ын төлөгөндө жалпы эмгек акы фондунан 37,25%ды бюджетке кармоо керек болот. Мындагы пайыздын көптүгү ишкерлерди көмүскө иштөөгө аргасыз кылат.

Integra Engineering Group компаниясынын жетекчиси Жоодар Сайдилкан мыйзам долбоору колдоого аларлык экенин, ошону менен катар көмүскө экономикадан чыгууга көрүлгөн чара жетишсиздигин белгиледи.

«Биздин өлкөдө экономиканын көбүнүн көмүскөдө болушу негизги көйгөй. Бул мыйзам көмүскөдөн чыгаруу үчүн жакшы кадам. Бирок ошол эле учурда биз айтып кетишибиз керек, бул төлөмдөрдүн кандай, кайсы тарапка даректүү кетип жатканы да ачык-айкын болушу кажет. Ошондо биздин жаран болобу, ишкер болобу, дагы жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Мыйзам көмүскөдөн чыкканга жеңилдик берет, бирок жетиштүү эмес. Менин оюмча, дагы комплекстүү реформалар жасалышы керек».

Экономист Элдар Абакировдун пикиринде, бул өтө чоң көрсөткүчтөгү пайыздык төмөндөтүү эмес, өкмөт дагы да көбүрөөк азайтууну ойлонуп көрүшү керек.

 «Менин оюмча, бул пайыздык төмөндөтүү өтө чоң эмес, аз эле төмөндөтүү. Мүмкүн андан да көп түшүрүү керек. Экинчиден, ошол чогулган акчаны адам пенсия катары көрсө, канча чогултуп, ошончо алса, ошондо чыныгы стимул болмок. «Чогултпасаң албайсың, чогултсаң аласың» деген стимул болсо, ошондо эл олуттуу мамиле кылат. Азыр көп акча чогултуп, аз пенсия аласың же тескерисинче, аз акча чогултуп, көп пенсия аласың. Менимче, андай система иштебейт». 

Жаңы кабыл алынган Салык кодексинде орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жардам бере турган бир катар өзгөртүүлөр, айталы, сатуудан түшкөн салык 1%, тигүү тармагында бирдиктүү салыктын өлчөмү 0,25%га чейин, электробустарды КНСтен бошотуу жана башкалар каралган. Бирок, бул кодекстин айрым беренелери ишкерлердин нааразычылыгын жаратып, түзөөтүү киргизүүнү талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM