Connect with us

Ижарага берилүүчү жайыттар: Баткенде 138 миң, Ысык-Көлдө 110 миң гектар

Саясат , Экономика | 17 Мар 2022 | 1886 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жайыттарды 5 жылдан 20 жылга чейин ижарага берүү маселеси экинчи окууда каралды. Тактап айтканда, «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору Айыл чарба министрлиги тарабынан сунушталды. Аталган мыйзамды буга чейин парламенттин VI чакырылышынын депутаттары да карап, президент Садыр Жапаров эки жолу артка кайтарган. Жайыттардын ижарага берилиши коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратып, бул мыйзам менен жайыттарды менчиктештирүү аракети жүрүп жатканын айтышууда. Ошол эле учурда депутаттардын айрымдары колдосо, айрымдары каршы чыгышты. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдиргендей, мыйзам жайыттарды сарамжал пайдаланууга багытталып, айылдык жетекчиликтин ролун жана жоопкерчилигин арттыруу максатында жазылган. Кыргызстанда 9 млн гектар жайыт бар. Анын жарым миллион гектары оту качкан жайыттарга кирет. Учурда «Кыргызгипрозем» институту оту жок жайыттарды аныктоо боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатат. Бул мыйзам аркылуу бузулган жайыттарды өздөштүрүп, аларды айдоо жерлерине жана бакчага айландыруу каралат.

Жыйында депутат Султанбай Айжигитов Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жаткандардын эмне максатты көздөгөнүн түшүндүрдү. Конституцияда жайыттар менен токойлорду менчиктештирүүгө тыюу салынган. Жер кодексинде да жайыттарга «асылдуулугу төмөн» деген терминдин тиешеси жок экени жана жайыттарды менчиктештирүүгө мүмкүн эместиги жазылган.

«Азыр мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мааниси эмнеде? Биринчиси, түшүнүктөргө өзгөртүүлөрдү киргизүү. Булар «асылдуулугу төмөн» жайыттар деген түшүнүктү мыйзамга киргизип, жайыттарды «асылдуулугу төмөн» деген жерлердин категориясына киргизип, андан соң өкмөттүн 306-токтому менен жайыттарды өздөштүрүүгө, андан ары менчиктештирүүгө жол ачып жатышат. Булардын негизги максаты ушул эле».

Депутат Арсланбек Малиев мыйзам долбоору толук даяр эместигин сынга алып, оту качкан жайыттардын тизмеси берилип, жергиликтүү элдин макулдугу тиркелгенден кийин гана мыйзам долбоорун добушка коюуну сунуштады.

«Биринчиден, кайсы жайыттардын оту качканы боюнча тизмесин берсин. Тизме берилмейинче мыйзамга добуш бербегиле. Экинчиден, тизмени алып барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү керек. Алар бул жайыттардын ижарага берилишине макулбу же макул эмеспи? Эгерде макул эмес болсо, анда ал жайыт тизмеден чыгарылышы керек. Ансыз бул коррупцияга жана элдин арасында чоң чатактын чыгуусуна шарт түзүшү мүмкүн. Мен бул мыйзамга каршымын».

Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы оту качкан жайыттар толугу менен аныкталып, тизмеси такталганын, калган үч облуста аныктоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

«Оту качкан жайыттар боюнча маалымат 1994-жылы жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде алынган. Бирок акыркы эки жылда бул боюнча аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Акыркы маалматтарга ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы оту качкан жайыттар толугу менен аныкталып бүткөн. Ал эми Талас, Чүй жана Нарын облустары боюнча да эски маалыматтар бар. Жалпысынан оту качкан жайыттар жарым млн гектардын айланасында: Жалал-Абадда 93 миң, Ошто 52 миң, Ысык-Көлдө 110 миң, Баткенде 138 миң, Таласта 15 миң, Чүйдө 38 миң, Нарында 25 миң гектар».

Жайыттар алгач Айыл чарба жерлеринин фондуна өткөрүлүп, андан соң ижарага берүү тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныкталат. Жайыт ээлөөчүлөр атайын ачык сынактын негизинде тандалат. Учурда жеке же юридикалык жактарга алгач 5 жылга берип, андан соң ишинин натыйжасына карап, 20 жылга узартуу сунушталууда. Ижарага алган адам ал жерлерди айыл чарба, туризм багыттарына колдоно алат. Ошол эле учурда малды жайлоого айдаган жолдун жээгиндеги жерлер ижарага берилбейт.

Ал эми эл өкүлү Алишер Козуев депутаттарды мыйзам долбоорун колдоого чакырып, пайдаланылбай жаткан жайыттар колдонулса, экономикага чоң салым боло турганын белгиледи.

Анын баамында, бул мыйзам долбоорунун максаты: жерди менчиктештирүү эмес, колдонулбай турган жерлерди ижарага берүү.

«Бул жободо «нормалдуу айыл чарба жерлери кайра бөлүштүрүү фондуна алынбайт» деп так-даана жазылып турат. Ошону туура түшүнүп алсак. Ошондуктан бул эң керектүү мыйзам деп ойлойм. Коңшу өлкөлөрдүн жерлерин карай турган болсок, Тажикстан болобу, Өзбекстан болобу, чек арадан өтөрүбүз менен бак өсүп турганын көрөбүз. Мунун эмнеси жаман? Муну менен дыйкандарга шарт түзүп, жумуш менен камсыздап, миграцияны кыскартабыз. Жайыттар эч качан менчикке берилбейт, болгону ижарага берели деген гана түшүнүк болуп жатат».

Кыргызстанда 9,5 млн гектарга чукул жайыт бар. Анын 4706 миң гектарын ижарага берүү мерчемделүүдө. Оту качкан жайыт үчүн гектарына 12 сом гана салык алынып келген болсо, мыйзам долбоору боюнча ал жер өздөштүрүлүп, бакчага айландырылса, 205 сомдон салык алынып, бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүн шарттайт.

Copyright © 2017 Maral FM