Биз менен байланышыңыз

Жаңы келишим: Улуу Британияга ишке алууда кандай талаптар коюлат?

Коом | 18 Мар 2022 | 9179 | 0

Улуу Британиянын айыл чарба программасына бир нече мамлекет катышып келет. 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө белгиленген программа эми Кыргызстанга да эшигин ачты. Анын алкагында өлкөгө 1000 жумушчу орун берилет. Бул жааттагы келишимге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын AGRI HR компаниясы кол койду.

Эми Кыргызстандын жарандары Англияда алты айлык ишке орношуп, айыл чарбасында жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Эдил Байсалов бул кызматташтык кыргыз-британ мамилелерин бекемдээрин айтат.

«Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт. Министрлер кабинети эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат. Бул иш артыкчылыктуу багыт болуп саналып, антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт».

Программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин өз мамлекетине кайтып келүүгө милдеттүү. Жакынкы арада арыздарды кабыл алуу шарттары борбордун сайтына чыгат. Бул тууралуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Кубанычбек Акматбеков билдирди.

«Кыскача айтканда, жумушчуларды үч тармакта алабыз: мөмө-жемиш, жашылча жана козу карын терүү сектору бар. Кайсынысында иштөөнү жумушчулар өздөрү тандашат. Жашылча тарабына физикалык күч көп талап кылгандыктан иш оор, бирок ошого жараша айлыгы жогору болот. Мөөнөтү алты ай, аялбы, эркекпи, айырмасы жок. Он сегиз жаштан жогорку куракта болушу керек. Англис тилин билүүсү шарт эмес. Аны жумушка кабыл алуу учурунда маектешип тактайбыз. Дагы толук маалымат берилет».

2019-жылдан тартып Улуу Британияда өкмөттүк программа ишке кирген. Анын негизинде айыл чарба иштерине чет элдик жарандарды тартуу үчүн квота бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM