Биз менен байланышыңыз

Жылдап маянасыз иштеген дарыгерлердин абалына ким жоопкер?

Дүйнө , Коом , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 783 | 0

Санавиация кызматынын дарыгерлери 2011-жылдан бери айлык ала элегин айтышат. Ошол жылы медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү тууралуу токтом кабыл алынган. Бирок санавиация кызматкерлеринин эмгек акысы кыскарып калган. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү жылына санавиация кызматкерлеринин айлыгына жана башка чыгымдарына 9 миллион сомдой бөлүнөрүн билдирди. 

Анара Токтомамбетова 25 жылга жакын убакыттан бери Улуттук госпиталда невролог болуп эмгектенет. Аны менен бирге 1999-жылдан тарта Тез жардам консультациялык кызматында кошумча ишке орношкон. Доктурдун айтымында, 2011-жылга чейин тез жардамдагы эмгеги үчүн акы төлөнүп келген. Бирок өкмөт медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү боюнча токтом кабыл алгандан кийин, тескерисинче, врачтарга нөөмөт акы, суткалык жөлөк пул, жол кире берилбей калган. Бирок ага карабастан, ден соолук сакчысы жарандарга жардам берүүнү улантып жатканын айтат.

«Ушул убакка чейин тиешелүү мыйзамдардын, фонддун болгонуна карабай, кошумча эмгек акыбызды ала албай келебиз. 2011-жылдагы токтом айлыкты көтөрүү үчүн чыккан. Нөөмөткө төлөнүүчү 11 сом аз, карап чыгалы дешкен. Көрсө, тескерисинче, эмгек акыны такыр төлөбөө чечимине келишкен экен. Эмне үчүн мындай чечимге келишкени белгисиз. Кийин 2015-жылы саламаттыкты сактоо министри фонд менен биргеликте «мындай формула менен эсептейсиңер» деп көрсөтүп, «төлөп бергиле» деген буйрук чыгарган. Бирок буйрук аткарылган жок».

Санавиация кызматында жогорку квалификациялуу адистер эмгектенет. Андагы дарыгерлер Бишкектеги улуттук жана республикалык илимий борборлордо, облустук ооруканаларда жана төрөт үйлөрүндө иштеп келишет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Максат Ишеналиев коюлган дооматтарды четке какты. Ал санавиацияга жыл сайын 9 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөрүн билдирди.

«2011-жылга чейин айлык төлөө системасы башка болгон. 2011-жылдын майынан баштап система өзгөрүп, медицина тармагындагы кызматкерлердин маянасы эки жарым эсе көбөйгөн. Жылда эле санавиацияга акча каралат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу аларга жыл сайын 9 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүп берет. Ошонун эсебинен эмгек акылары төлөнөт. Алардын коюп жаткан дооматы туура эмес».

Дарыгерлер Улуттук госпиталдын профсоюзуна, Саламаттыкты сактоо министрлигине бир нече жолу кайрылышкан. Бирок жооп ала албай келишет.

Медицина кызматкерлеринин укугун коргоо максатында көз карандысыз профсоюз уюму түзүлгөн. Уюмдун төрайымы, медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова санавиациядан айлык боюнча кайрылуулар көп түшүп жатканын билдирди.

«Ушу убакка чейин врачтардан көп кайрылуу түшүп жатат. Алар 9 миллионду кимге, каякка берип жатканын тактоо керек. Алар балким салык кызматына төлөп жатышат?.. Кызматкерлерге айлык катары төлөнгөн жок. Бизге кайрылып эле жатышат. Эч кимиси акча алышкан жок».  

2021-жылы санавиацияга миңден ашуун чалуу түшкөн. Кайрылган бейтаптар жол чыгымына, тамак-ашка жана консультацияларга өз чөнтөгүнөн төлөшөт.

Мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча тез жардамдын дарылары акысыз берилет.

Copyright © 2017 Maral FM