Биз менен байланышыңыз

Чыгармачыл өндүрүштөн түшкөн пайда ИДӨнүн 7%ын түзөт

Коом , Экономика | 16 Мар 2022 | 766 | 0

Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарында «7-Асман» студиясы уюштурган чыгармачыл өндүрүштү өнүктүрүү, жаратман адамдарды колдоо багытына арналган семинар өттү.  Иш-чарада автордук укук маселелери, товардык белгилерди каттоо, өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо жана чыгармачылыкты колдоо маселелери талкууланды. Андан тышкары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) өткөрүп жаткан «40 райондон 40 демилге» долбоору тууралуу да маалымат берилди.

Семинарды өткөрүүнүн максаты коомчулукка чыгармачылыктан киреше табуу жана экономикага салым кошуу боюнча маалымат жеткирүү болуп саналат.

Кыргызстанда интернеттин арзандыгы экономика үчүн чоң мааниге ээ. Андан тышкары эркиндиктин чектелбеши, калктын 57%ы жаштар болушу экономиканы көтөрүүгө жол ачкан шарттар экенин Чыгармачыл өндүрүш бирикмесинин жетекчиси Назгүл Кубакаева айтып, ага болгону саясий эрк керектигин кошумчалады.

«Бүт дүйнө жүзүндө чыгармачыл экономикага чоң каражат салынат, ошол үчүн Британия бул тармакты жигердүү колдоп баштаган. 2008-2010-жылдары бүт дүйнөдө кризис болгон учурда чыгармачыл экономика 20%га өсүшүн уланта берген. Чыгармачыл экономика асфальтты жарып чыккан чөпкө окшош. Мамлекет асфальт болууну токтотуп, чыгармачыл өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шарттарды бере баштаса, биз анын жыйынтыгын бат эле көрөбүз».

Автордук укукту, интеллектуалдык менчикти кантип коргосо болот? Өз ишин брендге айлантууну каалагандар аны кантип каттатышы керек? Чыгармачыл адамдар ушул өңдүү суроолорду көп берет. Андыктан маалымат жеткирүү зарылчылыгы барын уюштуруучу Мирахим Опош белгилейт.

Иш-чаранын жүрүшүндө чыгармачыл уюмдун өкүлдөрүнө, жеке тараптарга жогоруда белгиленген маселелердин айланасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Эксперттер автордук жана чектеш укук, өнөр жай менчигинин объектилерин укуктук коргоо, товардык белгилерди каттоо, мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруу, стартап экосистема, инновациялар тууралуу баяндама жасашты. Катышуучуларга Кыргызпатенттин аймактарда ишке ашырууга багытталган инновациялык долбоорлору кенен түшүндүрүлүп, кызыккан суроолоруна жооптор берилди».

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүндө (ИДӨ) чыгармачыл өндүрүштүн үлүшү 7%ды түзөт. Бул тармак өзүнө көптөгөн багыттарды камтыйт. Айталы, жарнама жасоо, архитектура, сүрөт, дизайн, мода, кино, театр, теле, радио ж.б.

Copyright © 2017 Maral FM