Биз менен байланышыңыз

Рублдин сомго карата курсун жаңыча аныктоодон эмне өзгөрөт?

Экономика | 14 Мар 2022 | 4898 | 0

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев рублдин сомго карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөрткөн токтомго кол койгон. Ага ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталат. Тагыраагы, Улуттук банк рубль жана доллардын курсун мындан ары «Блумберг» жана «Рейтер» маалымат агенттигинен алат. Себеби ушул күндөрү Москва биржасы рублдин реалдуу курсун көрсөтпөй жатат.

Бүгүн, 14-мартта Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева валюта рыногунда кырдаал оор экенин билдирди.

Буга байланыштуу Улуттук банк накталай операцияларды чектөө боюнча убактылуу чечим кабыл алды. Ошону менен бирге 11-мартта Улуттук банк рублдин курсун Орусиядагы Bloomberg агенттиги аныктайт деген чечимге келди. Себеби Москва биржасы соодасын убактылуу токтоткон.

«Орусия рублинин расмий курсун белгилөөнүн тартиби дагы өзгөртүлдү. Башкача айтканда, бүгүн 14-марттан баштап, Орусиянын биржасындагы келишимдер аяктаганына байланыштуу эми рублдин расмий курсу Москва биржасы тарабынан эмес, «Рейтер», «Блумберг» маалымат агенттиктери тарабынан бекитилет». 

Улуттук банктын өкүлү рублдин курсун аныктоону Москва биржасынан Bloomberg агенттигине которуунун маанисин мындайча түшүндүрдү.

«Курсту белгилөөдө кандайдыр өзгөрүүлөр — маалымат алуу жагдайы. Башкача айтканда, мурда Москва биржасынын маалыматы болсо, азыр «Рейтер», «Блумбергдин» күндүзгү саат 15:00гө чейинки орточо курсу негиз катары алынат. Алынган баа эл аралык рынокто рублдин курсунун аныкталышына жараша болот».   

Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн жыл башынан бери валюта базарына 284 миллион доллар саткан. Учурда Улуттук банктын алтын-валюта резервинин көлөмү 2 миллиард 653 миллион долларды түзөт. Банк өкүлүнүн айтымында, бул сумма алдыдагы жарым жылдык сатып алууларды жабууга мүмкүндүк берет.

«Валюта рыногунун туруктуулугун сактоо максатында Улуттук банк интервенция жасап турат жана акча кризиси саясаты жаатында иш-чараларды жүргүзүүдө. Жыл башынан бери Улуттук банк 5 валюта интервенциясын өткөрүп, жалпы суммасы 284 миллион АКШ долларын саткан. Бүгүнкү күндө Улуттук банктын ресурстары жана акча кризисин жөнгө салуу куралдары жетиштүү. 11-мартка карата эл аралык резервдердин көлөмү 2 миллиард 653 миллион АКШ долларын түзүп, алдыдагы алты айга сатып алууларды жабууга мүмкүндүк берет».  

Карабаева коммерциялык банктар тарабынан өлкөдөн тышкары бардык төлөмдөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Улуттук банк коммерциялык банктарды сом менен толук камсыздаганын жана накталай акчаны чыгарууда эч кандай көйгөй болбошу керектигин кошумчалады.

Анткен менен ишкерлер жана эл экономикалык кризис, валюта базарындагы олку-солкулуктан улам дүрбөлөңгө түшүүдө. Себеби экономисттер абал кандай болуп өзгөрөрүн болжолдоо кыйын экенин айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM