Connect with us

Кыргызстанга Россиядан жазгы үрөндөр келди

Кыска кабар | 12 Мар 2022 | 748 | 0

Айыл чарба министрлиги Россиянын үрөнчүлүк ишканаларынан жаздык буудайдын, жаздык арпанын, софлордун үрөндөрүнүн облустарга өткөрүлгөндүгү тууралуу  маалымат берди.

РЕГИОНДОРГО ТӨМӨНКҮДӨЙ БӨЛҮШТҮРҮЛГӨН: 

  • Баткен облусуна- 185,38 тн.
  • Жалал-Абад облусуна – 286 тн.
  • Чуй облусуна  – 777,62 тн.
  • Ысык-Көл облусуна –  725,22 тн.
  • Талас облусуна – 213,7 тн.
  • Ош облусуна –  303,94 тн.
  • Нарын облусуна – 170,24 тн.

«Айыл Банк» ААКтын шартына ылайык, үрөн 4,5% үстөк менен товардык кредит түрүндө берилет. 2 жылдык мөөнөткө, үстүбүздөгү жылы 50% 15-ноябрга чейин жана 50% 2023-жылдын 15-ноябрына чейин кайтаруу менен.

Үрөндүн баасы:

Жаздык буудай:

  • Репродукциясы Элита – 45сом 30 тыйын
  • Биринчи репродукция – 45 сом 24 тыйын

Жаздык арпа:

  • Элита – 53,85 сом
  • Биринчи репродукция -47,10 с/кг сом

Май өсүмдүгү:

  • Софлор Биринчи  репродукциясы – 112 сом 30 тыйын

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM