Айыл чарба министрлиги Россиянын үрөнчүлүк ишканаларынан жаздык буудайдын, жаздык арпанын, софлордун үрөндөрүнүн облустарга өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.
РЕГИОНДОРГО ТӨМӨНКҮДӨЙ БӨЛҮШТҮРҮЛГӨН:
- Баткен облусуна- 185,38 тн.
- Жалал-Абад облусуна – 286 тн.
- Чуй облусуна – 777,62 тн.
- Ысык-Көл облусуна – 725,22 тн.
- Талас облусуна – 213,7 тн.
- Ош облусуна – 303,94 тн.
- Нарын облусуна – 170,24 тн.
«Айыл Банк» ААКтын шартына ылайык, үрөн 4,5% үстөк менен товардык кредит түрүндө берилет. 2 жылдык мөөнөткө, үстүбүздөгү жылы 50% 15-ноябрга чейин жана 50% 2023-жылдын 15-ноябрына чейин кайтаруу менен.
Үрөндүн баасы:
Жаздык буудай:
- Репродукциясы Элита – 45сом 30 тыйын
- Биринчи репродукция – 45 сом 24 тыйын
Жаздык арпа:
- Элита – 53,85 сом
- Биринчи репродукция -47,10 с/кг сом
Май өсүмдүгү:
- Софлор Биринчи репродукциясы – 112 сом 30 тыйын