Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 23-февралда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;
Бишкекте 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +12…+14 градус болот.