Биз менен байланышыңыз

Жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары аймактарга экспорттоого тыюу салынды

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 99 | 0

Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия Экономикалык Биримдигинин чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Бул чечим жазгы талаа жумуштары учурунда жергиликтүү айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында, толук көлөмдө камсыздоого багытталган.

Убактылуу тыюу салуу 6 айлык мөөнөткө киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM