Биз менен байланышыңыз

Кожошев: Чек ара тургундарына кызыл китеп алуусун каржылап беребиз

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 232 | 0

2012-жылдан баштап 2020-жылга чейин жалпы Баткен облусуна 1 млрд 300 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 2021-жылы бюджеттин тартыштыгына карабай, бир эле капиталдык салымдар боюнча 1 млрд 272 млн сом бөлүндү. Быйыл мындан да көп суммада акча бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Баткен облусунда өтүп жаткан көчмө жыйында билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун өнүгүү программасынын негизинде ар жылы 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүү тапшырылган.

«Ошону биз быйылтан баштап аткарабыз. Үч багыт боюнча иш алып барып жатабыз. Биринчиси, айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү, инновация, жеңил өнөр жай жана тамак-аш ишканалары жаңы ачылса, алар киреше салыгынын 5%ын гана төлөйт, пайда салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Экинчиси, инвестициялык режим боюнча. Андан сырткары мамлекеттик кызматтарды жеңилдетүү үчүн бюджеттен 25 млн сом бөлүндү. Бул жакта саламаттыкты сактоо мекемелеринен берилүүчү маалымкаттар эки эсе арзандайт», — деди Кожошев.

Ошондой эле ал чек арага жакын жайгашкан айылдардагы тургундардын кызыл китептери бюджеттик эсептен даярдала турганын кошумчалады.

«Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоорунун алкагында Баткен облусундагы дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя бериле баштады. Бул үчүн облуска 5 млрд сом бөлүнгөн.

Насыя негизинен «Айыл банк», «РСК банк», «Керемет банк» аркылуу 6%дык үстөк менен берилет. Малчылар жана дыйкандар 3 жылдык мөөнөт менен 3 млн сомдон ала алышат. Ошол эле учурда күрөө коюлбаган насыялардын өлчөмү 150 миң сомдон 300 миң сомго көтөрүлдү.

Эске салсак, Баткен облусу түзүлгөн 1999-жылдан бери биринчи жолу Министрлер кабинетинин толук курамы көчмө жыйын өткөрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM