Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонддун планы 2021-жылы 111%га аткарылды

Кыска кабар | 20 Фев 2022 | 372 | 0

Социалдык фондунун жалпы кирешеси 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча 62 млн 571 миң сомду түздү. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.

Бул такталган бюджеттен 100.5 %га көп. 2020-жылга аткарылган бюджетке салыштырмалуу 6 .5 млн сомго же 111.6%га көбүрөөк.

38.3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн. 2020-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышы 5.2 млн сомго же 115.7%га өскөн.

Аскер кызматчыларынын пенсиялык төлөмдөрүнө, жеңилдетилген пенсияларды, пенсияларга үстөк акыларды төлөөгө жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 23.8 млн сом суммасында түшкөн.

Социалдык фонд туумдардан жана айыптардан, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк калдыктарга пайыздардан, дивиденддерден ж.б. булактардан 365 млн сом киреше алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2021-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдары 60 807.9 млн сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 4 171.9 млн сомго көп.

2021-жылы пенсияга керектелген 50 819.4 млн сом толук көлөмдө каржыланды. 2022-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2020-жылга салыштырмалуу пенсия төлөөгө керектелүүчү сумма 2 960.4 млн сомго көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM