Биз менен байланышыңыз

Штайнмайер Германиянын президенттигине кайра шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2022 | 327 | 0

Германиянын Федералдык чогулушу өлкө президенттигине Франк-Вальтер Штайнмайерди экинчи мөөнөткө кайра шайлады. Добуш берүү Бундестагдын сайтында түз көрсөтүлдү.

Штайнмайердин талапкерлигин Германия социал-демократиялык партиясы, «Эркин демократтар» жана «Жашылдар» партиясы менен катар ХДС/ХСС оппозициячыл союзу колдогон. А бирок «Германия үчүн атаандаштык» жана «Солчулдар» партиясындагы оңчул популисттер каршы чыккан.

Натыйжада Штайнмайерге 1425 депутаттын 1045и добуш берген. Маалыматка ылайык, жыйындын 86 мүчөсү добуш берүү укугун пайдаланган эмес.

Штайнмайер 66 жашта. Ал биринчи мөөнөткө 2017-жылы шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM