Биз менен байланышыңыз

Айбек Молдогазиев ТИМдин орун басары болуп дайындалды

Кыска кабар | 14 Фев 2022 | 393 | 0

Тышкы иштер министринин жаңы орун басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин жаңы орун басары Айбек Молдогазиевди министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.

Молдогазиев 1995-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде иштейт. «Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси» дипломатиялык рангы бар, ал Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директоруна чейинки дипломатиялык баскычтарынын баарын өткөн.

2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.

2017-жылдын августунан баштап Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи — кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Тышкы иштер министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM