Биз менен байланышыңыз

«Бишкек жарык» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 14 Фев 2022 | 255 | 0
Сүрөт: sputnik.kg

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган ишкананын бюджетинин аткарылышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында, «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан бюджетке байланыштуу мыйзамдар бузулганы аныкталды.

Ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөй келген, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тарабынан тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM