Биз менен байланышыңыз

Орусия элчиси: Кыргыз-орус мамилеси жакшы деңгээлге чыкты

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 614 | 0

2021-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 46 пайызга өстү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко 9-февралда өткөн маалымат жыйында кабарлады.

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы товар айлантуу 2,5 миллиард долларга жетти. Кыргызстандан Орусияга товар экспорттоо 38 пайызга өскөн. Ал 2020-жылы 240 миллион доллар болсо, 2021-жылы 333 млн долларга чейин жеткен.

Орус элчиси эки өлкөнүн мамилелери акыркы бир нече жылдан бери жакшы көрсөткүчтөргө жеткенин айтты.

«Бул абдан жакшы көрсөткүчтөр, айрыкча Орусиядан Кыргызстанга болгон акча которуулар жогору болду. Былтыр Орусиядан Кыргызстанга 2,6 миллиард долларга жакын акча которулган. Чынында бул республикалык бюджеттин көлөмү», — деди Николай Удовиченко.

Бүгүн, 9-февралда Орусиянын Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө карата бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси маалымат жыйын өткөрүп, эки тараптуу мамилердин жыйынтыгы тууралуу айтууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM