Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Сутка ичинде бустердик дозаны 104 адам алды

Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 239 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын (үчүнчү дозасын) бир күндө 104 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 4, Талас облусунда – 45, Нарын облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 14 адам эмделди.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM