Биз менен байланышыңыз

Бээжин-2022: Орусиянын спортчусу сүйүнгөнүнөн пьедесталды сындырып алды (видео)

Кыска кабар , Спорт | 7 Фев 2022 | 4594 | 0

Бээжин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында Орусия командасына биринчи алтын медалды алып берген лыжачы Александр Большунов сыйлык тапшыруу аземинде сүйүнгөнүнөн пьедесталды сындырып алды.

Кечээ, 6-февралда скиатлон боюнча 30 чакырым аралыкка жарыш өтүп, Орусиянын спортчусу Александр Большунов биринчи келди. Андан кийин 1 мүнөт 11 секундга кечирээк орусиялык дагы бир лыжачы Денис Спицов, үчүнчү болуп финляндиялык Ийво Нисканен марага жетти.

Бул Большуновдун карьерасындагы биринчи олимпиадалык алтын болду. Буга чейин 2018-жылкы Олимпиадада үч күмүш жана бир коло медаль алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM