Биз менен байланышыңыз

Министр менен башкы врачтын тиреши оорукананы «садага» чабабы?

Дабагер , Коом | 3 Фев 2022 | 1753 | 0

2022-жылдын 1-февралында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун клиникалык тез жардам ооруканасы кылып, кайра түзө турганын билдирген. Министр бул аракетин «оорукананы элге кайтаруу» деп сүрөттөп, Сабырбек Жумабековду жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу оорукананы жоюп, себепсиз борбор түзүп, «түшпөс хан» болуп алган деп айыптаган. Бул жагдай коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. 

СССР учурунда, андан кийин да Кыргызстанда травматологдордун жана ортопеддердин илимий борбору болбогонун, бул мекемени түзүү демилгесин өзү көтөрүп, 2004-жылы ишке ашырганын айтат борбордун башкы дарыгери, академик Сабырбек Жумабеков.

Ал ошондой эле илимий борбор жабылып кала турган болсо, кыргыз медицина илимине чоң сокку болорун белгилейт. Себеби бул борбор илимий көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстанда алдыңкы орунда турат.

Башкы дарыгер мындан кийинки кадамдары министрликтин чечимине жараша болорун маалымдады.

«Биз бул илимий борбор боюнча чечимди терс кабыл алдык. Борбор эч качан жабылбашы керек, өсүшү керек. Жаштар өсүп жатат. Медицинага, илимге чоң салымын кошкон бирден бир борборлордун бири болуп эсептелет. Ошондуктан мен терс кабыл алдым. Менин кийинки кадамым министрликтен көз каранды болот. Алар кандай чечим кабыл алат, өзүбүздүн кадамыбызды ошого жараша жасайбыз».

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору көп тармактуу адистештирилген клиникалык Тез жардам мекемеси болуп кайра түзүлөт. Анда курч оорулар, травмалар, кырсыктар, уулануулар, ошондой эле массалык жабыркоолор, кыйроолор, авариялар учурунда калкка күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүлөт.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев травматология борбору Улуттук хирургия борбору менен бириктирилгенин, муну эл туура кабыл аларына үмүттөнүп турганын билдирди.

«Ал жер тез жардам ооруканасы болушу керек. Травматологияны азыр Улуттук хирургияда ачып жатабыз. Ал кезде Кожакматов деген Жумабековдун мугалими бар болчу. Ошону какшатып туруп жаап кетип калган. Сабырга: «Бүттү, сен жеттиң, андан ары кайда кетесиң?» — дедим. А кечээ күнү бир жерде мени «ичип келди» деп айтыптыр, ошол жерде 40 окуучусу турду. Эгер бирөө: «Бейшеналиев мас болуп келген», — деп айтса, отставкага бүгүн кетем. Мен билем, эми жөн гана каралай баштайт, анын акчасы көп. Бирок эл бизди түшүнөт». 

Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун илим боюнча төрагасы, профессор Жаныш Сулаймановдун айтымында, иштеп жаткан борборду жаап коюу реформа эмес.  Эгер жабыла турган болсо, борбордун жамааты радикал кадамдарга барат.

«Биз радикалдуу кадамдарга барабыз. Мына 18 жыл тарбияланган жамаат турат. Ондон ашык илимдин доктору, алтымыштан ашуун кандидат чыкты. Жаш окумуштуулардын тобу даярдалды. Жаңы өсүп келе жаткан муун турат. Биз баарыбыз тикебизден турабыз. Жалпы жамаатыбыз менен кеңешип, кандай кадамдарга барарыбызды аныктайбыз».

Саясатчы Равшан Жээнбеков Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул кадамын колдойт. Анын пикиринде, мамлекеттик клиниканы жеке менчигиндей пайдаланып, 20-30 жыл башкы врач кызматынан кетпей ээлеп алуу туура эмес. Клиникадагы каражаттар мамлекетке эмес, башкы врачтын чөнтөгүнө түшөт.

«Менимче, саламаттыкты сактоо министринин бул кадамы туура. Антпесе, бийликтен кетпеген президенттер сыяктуу көптөгөн башкы врачтар мамлекеттик ооруканаларды ээлеп алышкан. Каалаганын жасашат, каалагандай баа коюшат. Каражат мамлекетке эмес, башкы врачтардын чөнтөгүнө түшөт. Канчасы мамлекетке төлөндү, канчасы башкы врачка кетти, аны ооруканага, операцияга барган ар бир адам билет. Сурамжыласа баары айтып берет. Кыйын, тың, дүйнөгө таанымал болсо, жеке менчик ачып иштесин. Эч ким каршы болбойт. Бул — цивилизациялуу, этикага, маданиятка туура келген жол».

 КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков Сабырбек Жумабековду кызматтан алуу туура эмес кадам болорун айтат. Себеби, ал — өз кесибинин чыныгы адиси.  Эгер Жумабеков алына турган болсо, анын мыйзамсыз иш-аракеттери ачыкка чыгышы керек.

«Академик Сабырбек Жумабеков карапайым хирургдардай башын сайып коюп, күнүнө 30-40 операция жасайт. Эми ошондой кишилерди сактап калбайлыбы. Бүт бардык системаны өнүктүрүп ийип, анан ошол кишиге барып, «Мына системаны өнүктүрүп ийдик, туруктуулукту кармап бергениңиздер үчүн ырахмат!» — деп кол чаап кетирсеңиздер, ал киши жумушсуз да калбай ыраазы болуп, өзү бошотуп бермек. Бирок ошол жерде канча адам муктаж болуп турганда, болбогон бир нерсени айтып алып кетиргени жатабыз да. Урматтуу президент, урматтуу ушул багыттын кураторлору, Акылбек Үсөнбекович, ушул жагын бир карап койгулачы! Адилеттүүлүктү суранабыз».

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун түзүмү өзгөргөндөн кийин оорукана Бишкек шаардык мэриясы, шаардык кеңеш жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч тараптуу келишиминин негизинде иш жүргүзүп, милдетүү медициналык камыздандыруу фондунан каржыланат.

Copyright © 2017 Maral FM