Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Чек арада абал кооптуу бойдон калууда

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 734 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында бүгүнкү күндө абал туруктуу, бирок ошол эле учурда кооптуу да болушу мүмкүн десек болот. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

«Себеби чек ара маселелери бүтмөйүнчө жаңжал ар дайым чыгып кетиши мүмкүн. Анткени ал жерде эл жашайт, такталбаган участоктор көп. Ошондуктан абал азыр туруктуу болгону менен кооптуу деп айтсак болот», — деди Ташиев.

Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар жабык эшик артында кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин маалыматын угушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM