Биз менен байланышыңыз

Президент Жогорку Соттун төрайымын кызматтан алды

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 296 | 0

Президент Садыр Жапаров Нургүл Бакированы Жогорку соттун төрайымы кызматынан кетирди. Жапаров тийиштүү жарлыкка 2-февралда кол койду.

Кызматтан кетүү арызын Нургүл Бакирова өзү жазганы айтылган. Аны  Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп, кийин парламент жалпы жыйынында талкуулап, жактырган.

Нургүл Бакирова Жогорку Соттун жетекчилигине 2018-жылдын 23-май дайындалган.

2-февралда парламенттин депутаттары Жогорку соттун төрагалыгына сунушталган Замирбек Базарбековдун талапкерлигин талкуулап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM