Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Эки өлкөнүн делегациясы жолугушуп, бир катар чечимдерди кабыл алды

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 599 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды сүйлөшүү боюнча эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев, укук коргоо жана күч структураларынын жетекчилери менен биргеликте Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода, тажик тараптын чек ара өкүлү, генерал-майор Х.Пиракзода жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй келишимдерге макулдашылды:

— ок атууну токтотуу;

— эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;

— Баткен-Исфана жолун ачуу;

— чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

Мындан сырткары Баткен-Исфана каттамында унаалар тоскоолдуксуз жүрүп жатканын кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM