Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда сим-картасын каттатпаган 2,5 млн абонент байланышсыз калышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 350 | 0

Тажикстанда уюлдук компаниялардын 2,5 миллионго жакын абоненти, тактап айтканда, колдонуучулардын 40%га жакыны февраль айында мобилдик байланышы жок калышы мүмкүн. Себеби бул айда телефондун сим-карталарын жаңы үлгүдөгү паспортторго каттатуу үчүн берилген мөөнөт аяктайт.  Маалыматты Борбор Азия жаңылыктар кызмат жазды.

Тажик бийлиги 2019-жылы 1999-жылдагы паспорттун үлгүсү сим-карталарды каттоого жараксыз экенин билдирип, абоненттерди номурларын жаңы ID-карталарга каттатууга милдеттендирген.

Сим-карталарды милдеттүү түрдө кайрадан каттоодон өткөрүү тууралуу өкмөттүн токтомунда бул талапты аткарбагандарга карата эч кандай чара каралган эмес. Бирок мамлекеттик ЖМКлар жарандар февралга чейин телефон номурларын ID-карталарга каттатышы керектигин, болбосо мобилдик байланыш өчүрүлөрүн эскертип келишет.

Эксперттер сим-карталар өчүрүлсө, абоненттер гана эмес, жеке компаниялар да жабыркап, жыйынтыгында бюджетке түшкөн акча азаят деп кооптонуп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM