Тажикстанда уюлдук компаниялардын 2,5 миллионго жакын абоненти, тактап айтканда, колдонуучулардын 40%га жакыны февраль айында мобилдик байланышы жок калышы мүмкүн. Себеби бул айда телефондун сим-карталарын жаңы үлгүдөгү паспортторго каттатуу үчүн берилген мөөнөт аяктайт. Маалыматты Борбор Азия жаңылыктар кызмат жазды.
Тажик бийлиги 2019-жылы 1999-жылдагы паспорттун үлгүсү сим-карталарды каттоого жараксыз экенин билдирип, абоненттерди номурларын жаңы ID-карталарга каттатууга милдеттендирген.
Сим-карталарды милдеттүү түрдө кайрадан каттоодон өткөрүү тууралуу өкмөттүн токтомунда бул талапты аткарбагандарга карата эч кандай чара каралган эмес. Бирок мамлекеттик ЖМКлар жарандар февралга чейин телефон номурларын ID-карталарга каттатышы керектигин, болбосо мобилдик байланыш өчүрүлөрүн эскертип келишет.
Эксперттер сим-карталар өчүрүлсө, абоненттер гана эмес, жеке компаниялар да жабыркап, жыйынтыгында бюджетке түшкөн акча азаят деп кооптонуп жатышат.