Биз менен байланышыңыз

Европаны каптаган «Элпис» борошосу Израилге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 285 | 0

Европаны каптаган «Элпис» борошосу (бороон аралаш жааган кар) Израиль өлкөсүнө жеткенин «МИР-24» телеканалы маалымдады.

Шаршембиде башталган көз ачырбаган борошо дале токтобой турат. Өлкөнүн айрым аймактарында кардын калыңдыгы 20 сантиметрге жеткен. Мындан улам Хермон тоо курорту жабылууга аргасыз болду.

Мындай борошолуу, ызгаар кышты биринчи көрүп жаткан жергиликтүүлөр видеого, сүрөткө тартып, социалдык тармактарга жарыялап жатышат.

Метеорологдор февраль айынан тарта кар эрип, күн жылый турганын айтышууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM