Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Жакында окуучулар «Манас Ордого» экскурсияга барууга милдеттендирилет

Кыска кабар | 13 Янв 2022 | 479 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерге барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Байсалов «Манас Ордо» улуттук комплексине барып, музейдин экспозциясы менен таанышты. Ал маалымдагандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы арада республиканын булуң-бурчунан «Манас Ордого» милдеттүү түрдө экскурсияга келүүчү мектеп окуучуларын жылы бою кабыл алууга жөндөмдүү 200 орундук мейманкана курууга киришүү зарыл.

Мындан тышкары Эдил Байсалов Кызыл-Жылдыз айылындагы Манас райондук дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жакында оңдоодон өткөн имаратынын абалы менен таанышты.

Сапарынын соңунда ал Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге барды.

Эдил Байсалов мекеменин инфраструктурасын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү жана мекеменин имаратынын курулушун аяктоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM