Connect with us

Ош жана Баткен облусунун ишкерлери үчүн конкурс жарыяланды

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 416 | 0

Евробиримдик жана Ага Хан фонду тарабынан каржыланган бизнес-акселератор Accelerate Prosperity ASIA долбоору Ош жана Баткен облусунун ишкерлери үчүн 100 миң долларга чейинки инвестицияларды жарыялады.

Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана айыл жергесиндеги калктын экономикалык кубатын жогорулатууга багытталган. Бизнес-акселераторго катышуу үчүн Ош жана Баткен облусунун иштеген чакан жана өсүп келе жаткан ишканалары чакырылат.

Негизги критерийлер:

— бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

— жылына  350 000 сомдон кем эмес киреше болуусу;

— командада экиден кем эмес адам болушу.

Тандалып алынган компаниялар сегиз жумага чейинки акселерациялык программага катышат. Программанын жүрүшүндө ишкерлер баалуу сунуш, адам ресурстарын башкаруу, экспорт стратегиясы, каржы жана бизнес-моделдөө, маркетинг сыяктуу темалар боюнча интенсивдүү окутуудан өтөт жана тажрыйбалуу трекерлер менен иш алып барышат.  Трекинг системасы ишкерлерге окутуу учурунда алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга, ошондой эле бардык командалардын прогрессин көзөмөл кылып турууга мүмкүнчүлүк берет.

Акселерациялык программа Демо-Күн менен аяктап, катышуучулар өз бизнес-пландарын инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго сунушташат. Программаны ийгиликтүү аяктаган компаниялар Accelerate Prosperityнин бүтүрүүчүлөрү катары ресурстардын баарын колдоно алышат, тактап айтканда, уникалдуу мүмкүнчүлүктөр берилген жабык шартындагы чаттар, өтүп турулуучу Демо-күнгө тоскоолдуксуз катышуу, өнөктөштөрдүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жана башкалар.

Ошондой эле инвестициялык комитет тарабынан жеңүүчү болуп тандалып алынган  ишканалар Accelerate Prosperity тарабынан $100 000 чейинки инвестиция жана техникалык колдоо алышат.

Кызыкдар болгон ишканалар онлайн-анкетаны толтурушу керек  – https://kg.accelerateprosperity.org/oshbatken22

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 10/02/22.

Акселерациялык программа жана катышуу шарттары жөнүндө кененирээк маалымат: http://kg.accelerateprosperity.org/, Фейсбук — Accelerate Prosperity Kyrgyzstan, Инстаграм: @ap_kgz.

Маалымдама: Accelerate Prosperity (AP) – бул  Ага Хандын Өнүгүү боюнча уюмунун  (AKDN) Борбордук жана Түштүк Азиядагы жаңы глобалдык демилгеси жана негизги максаты  техникалык экспертиза, креативдүү каржылык чечимдерди жана рынок байланыштарын чакан жана өсүп келе жаткан ишкерлерге камсыз кылып берүү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM