Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Кошуна өлкө жардам сурап жатканда баш тартып коё албайбыз

Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 611 | 0

Казакстанда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кыргызстан аскердик кызматкерлерин жөнөтүүдөн баш тартууга укугу бар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

— Бирок биз жамааттык коопсуздук уюмунун мүчөсү катары келишимдерге кол койгонбуз. Кошуна өлкө жардам сурап кайрылып жатканда биз баш тарта албайбыз. Биз жөнөтө турган аскер кызматкерлери кандай обьектилерди кайтарары жана кайсы аймактарда болору чечиле элек. 

Мындан тышкары гуманитардык жана медициналык жардамдарды көрсөтүү боюнча да иш жүрөрүн айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM