Биз менен байланышыңыз

“Поэзия зомбулукка каршы” кербени аймактарды кыдырды

2021-жылдын 14-декабрынан 17-декабрга чейин Ош, Нарын жана Бишкек шаарларында

«Поэзия зомбулукка каршы» кербени өттү.

Акциянын алкагында гендердик зомбулук жана ага каршы аракеттердин маанилүүлүгү темасында акындардын чыгармалары жаңырды.

«Поэзия зомбулукка каршы» акциясы 14-декабрда Ош шаарында, Ош мамлекеттик университеттин чоң залында өттү. Иш-чарага 400 дөн ашуун көрүүчүлөр катышышты.

Поэзия кербени 16-декабрда Нарын шаарында, Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрында улантылып, 600гө жакын көрүүчүлөргө ыр тартууланды.

«Поэзия зомбулукка каршы» кербени 17-декабрда Бишкек шаарында, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында жыйынтыкталды.

Иш-чарага «Поэзия сени сүйөм» поэтикалык жыйнактын автору, «Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын ээси, белгилүү акын, журналист-Нуркыз Рыскул кызы, А.Осмонов атындагы адабий сынактын ээси, белгилүү акын, бир канча китептин автору, алып баруучу-Акбар Кубанычбеков, белгилүү акын, А.Осмонов атындагы, Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктардын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча китептердин автору- Бердибек Жамгырчиев, белгилүү акын,Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы жетекчиси, Мевлана Желаледдин Руминин 800 жылдык мааракесине арналган Республикалык мелдештин баш байге ээси, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун «Беш акын» телетаймашынын жеңүүчүсү- Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын лауреаты,  “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү-Мелис Маматжан уулу катышышты.

Акындар поэзия аркылуу эл үчүн маанилүү жана актуалдуу маалыматтарды түркүн түстүү, эмоционалдуу, калыс жеткире алышты. Поэзия кербенинин программасына ылайык ар бир аймакта беш акын 30 дан ашуун ыр окуп, миңдеген адамдарды ойго салып, жүрөктөргө жетип, катышуучулардын жан дүйнөсүн аруулантышты. Кээ бир көрүүчүлөр өздөрүнүн турмушунан чагылдырылган ыр сыяктуу көздөрүнө жаш алышып, терен таасирленүү менен толкунданганын жашырышкан жок. Аймактарда көптөгөн жаштар акындардын ырларын авторлор менен биргеликте жатка айтып жатышканын белгилеп кетүү керек.

«Поэзия зомбулукка каршы» кербенинин максаты – өлкөнүн аймактарындагы жаштардын гендердик зомбулукка чыдамсыздык маданиятын өнүктүрүү жана аны алдын-алуунун маанилүүлүгү боюнча маалымдоо болуп саналат.

«Поэзия зомбулукка каршы» кербени “Теңдик нуру” глобалдык демилге тарабынан “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акциянын” алкагында уюштурулду. Программа БУУнун Туруктуу Координаторунун Кеңсесинин жалпы координациялоосу жана агенттиктердин – БУУнун Аялдар, БУУнун Өнүктүрүү Программасы, БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, БУУнун түздөн-түз катышуусу жана ошондой эле калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) Европа Бирлигинин (ЕБ) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Ал эми аткаруучу өнөктөштөр “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана “Ысык-Көл сабаты” коомдук бирикмеси болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM