Биз менен байланышыңыз

Жапаров КМШ башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 250 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 28-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иш сапары менен болду. Ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен бейформал жолугушууга катышты.

Өлкө лидерлери пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча маселелерди талкуулап, эксперттердин пикирин угушту.

Бейформал саммитке Беларусия президенти Александр Лукашенко, Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Орусия президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Жапаров 29-декабрда Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM