Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: Бир бейтап каза болуп, 40 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 204 | 0

Кыргызстанда 29-декабрга карата СOVID-19 вирусунан Бишкек шаарында бир бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2 миң 799га жетти.

Соңку суткада коронавирус инфекциясынын 40 жаңы учуру аныкталды. Анын экөө дарыгерлер арасында катталды.

Бишкек шаарында – 14, Чүй облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абадда – 7, Баткенде – 2 адамдан коронавирус аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча, коронавирустун жалпы аныкталган учурлары 184 миң 592ге жетти.

Акыркы суткада 50 адам айыгып, жалпы сакайгандар 179 миң 730 адам болду.

Ооруканада 266 бейтап дарыланып жатат. Анын 18и өтө оор абалда, 115 бейтаптын абалы оор, 132 адам орто оордукта, бир бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ал эми үй шартында 312 киши дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM