Бүгүн, 28-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Чүйдүн Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында үч аялды өлтүрүүгө шектелген алты жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу сот отурумуна катышкан маалымат каражаттары жазды.
Бүгүнкү отурумда прокурор 1995-жылы туулган Александр Лебедевди, 1995-жылы туулган Евгений Шуликти жана 1996-жылы туулган Илья Пудовкинди өмүр бою эркинен ажыратууну, ал эми 1998-жылы туулган Николай Куликовдун, 1996-жылы туулган Артем Гогингдин жана 1999-жылы туулган Эльдар Белоусовдун кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотууну суранды.
Ишти караган сот айыпталуучулардын баарын актаган чечим чыгарды. Сот алты айыпталуучунун аракетинде тең кылмыштын курамы жок деп эсептейт.
Эске салсак, 2016-жылы 24-мартта эртең менен Ысык-Ата районунун Киргшелк айылынын Верхняя көчөсүндөгү үйдө жашаган үч аял өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Тагыраагы, 59 жаштагы үй кожойкеси, 56 жаштагы анын сиңдиси жана 25 жаштагы кош бойлуу кызы бычакталган.
Ысык-Ата райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 97- беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.