Connect with us

Өлкөдө 11 айда 6 миңден ашык жол кырсыгы катталды

Кыска кабар | 25 Дек 2021 | 300 | 0

2021-жылдын 11 айында өлкө аймагында 6 миң 820 жол кырсыгы катталып, 22,9 пайызга өскөн. Бул тууралуу президент Министрлер кабинетинин жыйналышында Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы 5 миң 545 жол кырсыгы катталган.

«Жол кырсыгына кабылгандардын 30 пайызы айдоочулар болсо, 70 пайызы жүргүнчүлөр болгон. Жол кырсыктарынын негизги себеби айдоочулардын 60 пайызы сапаттуу билим албай күбөлүктөргө ээ болгон. Акыры үч жылда келтирилген чыгымдын суммасы 12 млрд 761 млн сомго жеткен», — дейт ал.

Мындан кийин үч багытта иш алып барылат:
1. Айдоочулардын даярдыгынын сапатын жогорулатуу;
2. Жол эрежесинин бузууларды жөнгө салган укуктук-ченемдик актыларды иретке келтирүү;
3. Жол кырсыктарынын санын азайтып, адам өлүмүнө коркунуч келтирген бардык учурларга бөгөт коюу.

Ошондой эле министр айдоочуларды даярдаган 235 мектеп текшерилип, алардын 135и талапка ылайык келбегенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM