Биз менен байланышыңыз

Бишкекте болгон атышуу боюнча шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 660 | 0

Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин Эркиндик бульварындагы атышуу фактысы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган М.А., 1988-жылы туулган А.Г., 1987-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туулган Д.Н. жана 1988-жылы туулган А.Т. кармалды.

22-декабрь күнү кечки тогуздарда Эркиндик бульварында массалык мушташ жана атышуу болгондугу тууралуу милицияга чакыруу түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барышып, газ-травматикалык тапанчадан 3 гильза жана аңчылык мылтыгынан дагы 3 гильза табышкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталган.

Мындан тышкары, алардын биринен уруксат кагазы бар «Сайга-12» маркасындагы жылмакай ок атуучу курал алынган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле, жаңжалдын башка катышуучуларын издөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM