Биз менен байланышыңыз

Арабөк калган кыргыз тили Башмыйзам менен бекемделет

Билим-маданият , Коом | 23 Дек 2021 | 3201 | 0

Бүгүн, 23-декабрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору тилчи адистер, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан талкууланды. 

Учурда сунушталып жаткан «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзам 19-октябрдан 22-ноябрга чейин коомдук талкууга коюлган.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Санжарбек Тажиматовдун айтымында, жаңы мыйзамдын мүмкүнчүлүгү мурунку мыйзамга салыштырмалуу бир топ кеңейтилди. Бул тилди өнүктүрүүгө салым кошот.

«Мамлекеттик-улуттук курулушту мындан ары да бекемдөө үчүн «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору иштелип чыкты. Бүгүнкү кереге кеңеште эл аралык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, ушул тил мыйзамы боюнча кызыкдар эксперттер, илимпоздор өздөрүнүн суроолорун ачык-айкын бере алат. Себеби, бул — жалпыбыздын ишибиз. Биз эгемен, өнүккөн кыргыз мамлекетин куруу үчүн жарандарыбызда интеграциялык процесс болушу керек. Бири-бирибиз менен кеңири карым-катышты ишке ашыруу керек. Ошондуктан ушул долбоор иштелип чыкты».  

2020-жылы Etnology сайты тил боюнча илимий изилдөө жүргүзгөн. Анда дүйнөдөгү 700 тилдин ичинен кыргыз тили 150-орунду ээлеген. Бул эгемендикке ээ болгон өлкө үчүн өтө төмөн көрсөткүч экенин адистер белгилешет.

«Тил илимпоз» уюму 2020-жылы түптөлгөн. Алар кыргыз тилин жаңы форматта, жаңы ыкмалар аркылуу жайылтуу аракетин жасап келет. Уюмдун төрагасы Тилек Нурдинов «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун жазган жумушчу топтун катарында иштеп, бир катар сунуштарды берген.

«Азыр көркөм, даректүү тасмалардын болгону 30%дын тегерегиндегиси гана кыргыз тилинде көрсөтүлбөсө, мультфильм, кинонун баары орус жана башка тилдерде көрсөтүлөт. «Ошонун ар бири субтитр менен коштолсун же которулуп көрсөтүлсүн» деген сунушубуз өттү. Ошондой эле паспорттун латын ариби менен жазылган вариантына, картографияга, айылдардын кире беришиндеги аталыштарга «ө», «ү», «ң» тамгаларын милдеттүү түрдө кошуп, стандартка салуу сунушун бердик».  

Кыргыз тили боюнча алгачкы мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети тарабынан кабыл алынган. Анда Кыргызстандын мамлекеттик тили катары кыргыз тили эсептелери көрсөтүлгөн. 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы кайрадан карап чыгып, «кыргыз тили — мамлекеттик тил, орус тили — расмий тил» деген пунктту киргизишкен.

Кыргыз ССР Жогорку Совети кабыл алган бул мыйзам эгемендик алууга, ошол кезде элдин духун көтөрүүгө чоң өбөлгө болгон. Ошол себептен мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышын адистер Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң чоң окуялардын бири катары эсептешет.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик мекемелердин айрымдарында гана иш кагаздарынын дээрлик 60%ы мамлекеттик тилде жүргүзүлбөсө, көпчүлүк мекемелер бул ченемди 10-15% эле колдонот.

Президенттик администрациянын өкүлү Октябрь Капалбаев сунушталып жаткан тил мыйзамынын зарылдыгы тууралуу буларга токтолду:

«Мамлекеттик тил мамлекетибиздин өтө өзгөчө каражаты, өзгөчө мааниси, өзгөчө белгиси, символикасы болуп эсептелет. 1989-жылы бекитилгени менен бүгүнкү күндө иш кагаздарын жүргүзүү, расмий иштердин аткарылышы, мамлекеттик болобу, коомдук болобу, иш-чаранын баары расмий тилде болуп, мамлекеттик тил кайсы бир деңгээлде өгөйлөнүп, арабөк калып келе жатат. Кыргызстандын 17%ы орус тилдүү болуп эсептелет. Кимдир бирөөлөр мыйзамдан саясат жасап жатпайбы, эч кандай саясат жок. Ар бир мамлекет өзүнүн мамлекеттик тилин өркүндөтүүгө, өстүрүүгө, жайылтууга милдеттүү».

Сунушталган мыйзам долбоору тууралуу буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко тынчсыздануусун билдирип чыккан. Ал: «Бул конституциялык мыйзам расмий макамы бар орус тилинде сүйлөгөндөрдүн чөйрөсүн тарытат», — деген.

Элчи: «Мамлекеттик тил жөнүндө» жаңы мыйзам орус тилдүүлөрдүн укугун чектейт

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев тынчсызданууга эч кандай себеп жоктугун, тескерисинче, кыргыз тилинин абалы көйгөй болуп жатканын билдирди.

«Кыргыз эли — айкөл, толеранттуу, сабырдуу эл. Мисал үчүн, орус тили — дүйнө жүзү боюнча эң чоң 6 тилдин бири. Кыргызстанда орус тили үчүн эч кандай коркунуч жок. Кыргызстанда жашап, өнүгө турган бир эле кыргыз тили. Азыр көйгөй, тескерисинче, кыргыз тилинде болуп жатат. Орус тили бүгүнкү күндө милдеттүү предмет катары бүтүндөй билим берүү системасында окутулат, анан толук түрдө орус тилдүү мектептер бар. Ошондуктан азыр коркконго эч кандай негиз жок».

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам жаңы Конституцияга айкалыштыруу максатында жазылган. Жыйында жана коомдук талкууда айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, кемчиликтери кайрадан толукталып, андан соң Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM