Биз менен байланышыңыз

Элчи: «Мамлекеттик тил жөнүндө» жаңы мыйзам орус тилдүүлөрдүн укугун чектейт

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 539 | 0

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жакында эле кайра жазылып, коомдук талкууга коюлган «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамга Instagram баракчасы аркылуу пикир билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, орус тилин колдонуу кыскарып, орус тилдүү жарандардын укуктары кыйла чектелет деген кооптонуулар бар.

«Биз «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунун айланасында коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан жагдайга кылдат байкоо жүргүзүүдөбүз. Чынында эле мыйзам долбоордун азыркы түрүнүн кабыл алынышы Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилинин колдонуу чөйрөсүнүн жана орус тилинин укуктарынын кыскарышына алып келет деген кооптонуулар бар. Орус тилинин Кыргызстандагы жалпы гуманитардык миссиясы тууралуу өлкөдө кадыр-барктуу болгон дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун айткан сөздөрүн эстесек ашыкча болбос. Жетишкен нерседен баш тартуу ушунчалык оңойбу?» — дейт Удовиченко.

Айта кетсек, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам алгач 1989-жылы кабыл алынган. 2004-жылы кайрадан жазылып, президент Аскар Акаев кол коюп, бекиткен. Анда «кыргыз тили — мамлекеттик тил; орус тили — расмий тил» деген пункт киргизилген. 2009-2010-2011-2013-2015-жылдары айрым жоболору өзгөртүлүп, толукталган.

Бул мыйзамды жаңы кабыл алынган Башмыйзамга шайкеш келтирүү максатында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевдин демилгеси менен түзүлгөн атайын жумушчу топ кайра жазып, 19-октябрдан 22-ноябрга чейин коомдук талкууга койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM