Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Сузакта 9 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 1797 | 0

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган С.У. аттуу тургун саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

Сумаяны издөөгө 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад-Сузак жолунда каттаган 6 маршруттук такси жана 78 жеке такси текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө жүргүзүлгөн. Ошондой эле учурда 29 видеокамера текшерилген. Бирок Сумая табылган эмес.

27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында балык уулап жүргөн 1967-жылы туулган А.Р. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө чалып, Арал айылы аркылуу агып өткөн Көкарт дарыясынын жээгинде жаш кыздын сөөгү жатканын кабарлаган.

Айтылган дарекке тиешелүү кызматтын өкүлдөрү барып, суунун жээгинен 8-12 жаштагы кыздын сөөгүн жылаңач абалда табышкан. Изилдөөдө кыздын оор жаракат алганы, сөөктөрү сынганы байкалган эмес. Ал изделип жаткан Сумая Хосилжанова болуп чыккан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1973-жылы туулган тургуну кармалган. Ал жасаган кылмышын мойнуна алып, Сумаяны мектепке баратканда алдап үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жер төлөдө колу-бутун скотч менен таңып кармаганын, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып жибергенин, кийимдерин өрттөп салганын айтып берген.

Кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү он жыл мурда кетип калып, ал үйүндө жалгыз жашап жүргөн.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM