Биз менен байланышыңыз

Нарын: Кубакы ашуусундагы жол кырсыктан бир адам каза болду (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 1120 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда кырсык болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 23-декабрдын түнүндө саат 2:58де болгон. Skoda Octavia үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү каза таап, айдоочу жаракат алган. Унаадагы эки жаран Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылынын тургундары болгон. Бишкек шаарынан айылын карай бара жатышкан.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу барып, маркумдун сөөгүн «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM