Биз менен байланышыңыз

«Жаңы кодекстен милдеттүү патент менен салыктык контракт алып салынды»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2021 | 1440 | 0

1-январдан тарта ишке кириши күтүлүп жаткан жаңы Салык кодексинен милдеттүү патент менен салыктык контракт алып салынды. Бул тууралуу «УчетПрофЛайн» аудитордук, бухгалтердик компаниянын башкы директору Наргиза Мирлан кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда иштеп жаткан Салык кодексинде эки режим бар: жалпы жана атайын салыктык режим. Жалпы салык режиминде кошумча нарк салыгы менен жана кошумча нарк салыгы жок деген эки түрү бар. Товар айлантуусу 8 миллион сомго чейинкилер жалпы салыктык режимдин кошумча нарк салыгы жок түрүн тандашчу. Акыркы 12 айдагы кирешеси 8 миллион сомдон ашкандар жалпы салыктык режимдин кошумча нарк салыгы бар түрүн төлөөгө милдеттүү болчу.

«Азыркы жаңы долбоор боюнча бизде 2 эле режим болот. Эгерде сенин акыркы 12 айдагы тапкан кирешең 30 миллиондон ашса, анда жалпы салыктык режимде кошумча нарк салыгын да, сатуудан түшкөн пайда салыгын да төлөйсүң. Азыркыдай кошумча нарк салыгы бар жалпы режим же кошумча нарк салыгы жок жалпы режим деген жок болот. Жалпы режимде ар бир салык өз-өзүнчө төлөнөт», — дейт ал.

Азыркы иштеп жаткан кодекстеги экинчи режим — атайын салыктык режим. Анда патенттик система бар. Патент эки түргө бөлүнөт: милдеттүү жана ыктыярдуу. Патентти милдеттүү түрдө ала турган ишкердиктин түрү аз эле болчу. Мисалы, мончо, бильярд, стоматология иштеткендер. Жаңы кодексте ал жоюлду. Ал эми ыктыярдуу патент алуучулардын, маселен, базарда иштеп жаткандардын, майда соодагерлердин, чакан дүкөн иштеткендердин патенти жоюлган жок. Андан тышкары салыктык контракт деген бар болчу. Мисалга курулушчуларды алсак, алар бир чарчы метр үчүн 900 сомдой салыктык контракт төлөшчү. Жаңы кодексте бул да жоюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM