Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэри өрт чыккан кампа боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 549 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүнкү күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрт боюнча чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жана Биринчи май райондук прокуратурасына кампанын ээси болуп эсептелген «Триумф клуб» ЖЧКсына уруксат берген адамдарга юридикалык баа берүүнү тапшырган. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Бишкек шаарынын өрткө каршы инспекциясына талапка жооп бербеген чарба жайларынын реестрин даярдоону буйруган.

Эске сала кетсек, бүгүн Бишкектин Жибек-Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөсүнө жакын жердеги күйүүчү май сакталган кампа өрттөнгөн.

Бишкекте май сакталган жайдан өрт чыкты (сүрөт, видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM