Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 9 миң 558 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 152 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 558 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 335 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 223 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 183 миң 224 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 969 миң 457 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM