Таласта жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 17-декабрда Талас районундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Чат-Базар айылында Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2 өспүрүм 2007-жылы туулган Б. у. Б. жана И.Ж аттуу жарандар жабыркаган. Куткаруучулар кыпчылып калган жарандарды чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Жабыркагандар ооруканага жетпей тез жардам кызматынын унаасында каза болгон.