Биз менен байланышыңыз

«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу легализациялоо жөнүндө» мыйзамды иштеп чыгууга жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 500 | 0

«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу легализациялоо жана амнистия жүргүзүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул туралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Башкы прокуратуранын алдында аталган мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Топтун курамына Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Бизнес-акыйкатчы институтунун жана ири бизнес коомчулугунун өкүлдөрү кирди.

Жумушчу топ тарабынан Мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ар бир кызыккан тараптын сунушу каралат. Сунуштарды Башкы прокуратуранын дарегине кат түрүндө берүүгө болот.

Маалымат үчүн: 0 (312) 54-29-96.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM