Биз менен байланышыңыз

Аялдардын саясатка аралашуусу коомго туруктуулук алып келет

Коом , Саясат | 17 Дек 2021 | 1904 | 0

Боршайком Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте «Жогорку Кеңешке шайлоолорго лидер аялдардын катышуусу: жыйынтыктар жана алынган сабактар» аттуу жыйын өткөрдү.  Ага Кыргызстандын түндүк аймактарындагы лидер аялдар чогулган. Ушундай эле жыйын өлкөнүн түштүк аймагында да болгон. Аял лидерлер Жогорку Кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы, жетишкендиктери жана кемчиликтерин талкуулашты.

Аял лидерди шайлоого даярдоо иштери БУУнун аялдар уюму тарабынан былтыр январь айында башталган. Анда аял талапкерлерге сабактар өтүлүп, алардын элдин көйгөйү тууралуу айтуусу, чечүүнүн жолдору үйрөтүлгөн. Бүгүнкү иш-чарада Жогорку Кеңешке өткөн шайлоого анализ жасалып, жыйынтыгын талкуулоо, кетирилген катачылыктардын үстүндө иштөө үчүн чогулушкан.

БУУнун Кыргызстандагы аялдар программасынын координатору Сагипа Жусаева аял депутаттардын санына эмес, сапатына иштеп жатышкандарын, кийинки боло турган шайлоого даярдык азыртан башталганын билдирди.

«Аял лидерлер жаратман күчкө ээ. Өлкөнүн өнүгүшүнө ар тараптуу  салымдарын кошуп келе жатышат. Саясаттагы аялдардын лидерлик сапаттарын дагы да өркүндөтүү максатында мындан бир нече ай мурун окутууларды, тренингдерди баштаганбыз. Бул келечекте дагы улантылат. Кийинки шайлоолордо «Аялдар эмнеге саясатка аттанды?» деген суроолор болбойт деп үмүттөнөм. Биз азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз».

Иш-чарага Ысык-Көл, Талас, Чүй, Нарын облустарынан бир мандаттуу округдан жана партиялык тизме менен шайлоого катышкан аялдар келишти. Андан тышкары жергиликтүү кеңештин аял депутаттары да чакырылган.

Саруу айыл өкмөтүндөгү Алдашов айылдык кеңештин депутаты Самара Акматова аталган иш-чаранын катышуучусу. Ал иш-чаранын мааниси тууралуу буларга токтолду.

«Аял киши болобу, эркек киши болобу, алдыга койгон максатын, кандай тоскоолдук, кандай жеңиш болорун, деги эле депутат элге кызмат кылуучу, элдин жүгүн көтөрүүчү, кызмат көрсөтүүчү катмар боло турганын, бул кызматка даяр болуп келе турганын билүү үчүн бири-бирибиздин тажрыйбаларыбызды көрүп, өзүбүзгө сабак алабыз деген, анан да жаңы эшиктердин ачылышына себеп болот деген үмүт менен келдик».

Бул иш-чара Ош шаарында 14-декабрда өткөрүлгөн. Ага түштүк аймактагы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер аялдар чогулган.

Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Химия  Сүйөркулова иш-чара өткөндү анализ кылып, шайлоодо кетирген каталардын үстүндө иштөөдө жакшы аянтча болуп жатканын айтты.

«Алар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Биринчи кадамдар кандай болуп жатат, кайсы жерде кыйынчылыктар болуп жатат, кайсы жерде бири-бирибизге жардам беришибиз керек, кайсы маселелер көтөрүлөт, ошолор менен бөлүшүштү. Анан талапкерлер өздөрүнүн башынан өткөргөндөрүн эске салып, эмне себептен утулуп калдык, кандай утушка жеттик деген абдан жакшы анализ жасалды».

Аялдарга деген 30%дык квота мыйзамы 2019-жылы кабыл алынган. Бул мыйзам пропорционалдык система менен катышкандарга гана киргизилген. Демек, 54 мандаттын 18и же 19у аял талапкерге таандык. Ал эми можаритардык система боюнча бир мандатка көп талапкер ат салышып, алардын ичинен бир гана киши утуп чыгат. Ошондуктан бул квоталык мыйзамды бир мандаттуу округга киргизүү мүмкүн эмес.

«Тандем» юристтер жамаатынын директору Таттыбүбү Эргешбаеванын пикиринде, аял талапкерлер үчүн 30%дык квота эң минималдуу пайыздык көрсөткүч болушу керек. Алдыда аялдардын квотасын дагы 50%га көтөрүү боюнча иш алып барылганы туура болот.

«Квота өзү – муктаждык. Муну айла жоктон гендердик саясатты өнүктүрүү үчүн киргизесиң. Мисалы, майыптар үчүн да квота киргизилген. Бул да өз кезегинде муктаждык болгон. Эгерде бизде чөйрө, экономика, саясий маданият өнүксө, квота кереги жок болуп калат. Себеби, майыптардын өздөрүн ушул саясий аренада алып жүрүүгө, өздөрүн сунуштоого мүмкүнчүлүк көп болгондо, квотага муктаждык болбой калмак. Бирок биздин өлкөдө абал башкача.  Бизге өлкөнүн туруктуулугу, улуттук коопсуздугубуз, гендердик саясат, майыптар үчүн квота системасы зарыл. Ошондуктан бул жолдон кайтпоо керек».  

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, 6 партия өттү деп жарыялады. Анын ичинен 19 аялга мандат берилет. Эң көп «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан 5 аял, эң аз «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман нуру» партияларынан экиден аял депутаттык мандатка ээ болду.  

БШК шайлоо бүткөнүнө 17 күн болгондон кийин партиялык тизмедеги аялдардын квотасы боюнча жобого өзгөртүү киргизип, анда «Альянс» партиясынан 4 миң 977 добуш алган Жанар Акаевди мандатсыз калтырып, ордуна 1 миң 284 добуш алган Токтобүбү Оргалчаны каттады. Бул чечим коомчулуктун кызуу талкуусуна жем таштады.

Copyright © 2017 Maral FM