Биз менен байланышыңыз

БУУ 2022-жылды тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялады

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 572 | 0

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү резолюция 16-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында кабыл алынды.

Резолюция БУУга мүчө өлкөлөргө, тутумдун уюмдарына, башка эл аралык уюмдарга жана кызыкдар тараптарга, анын ичинде жарандык коомго, жеке тармактарга жана илимий чөйрөнү тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматты жогорулатуу үчүн Эл аралык жылды тийиштүү деңгээлде белгилөөгө жана тоо экосистемаларын сактоо жана туруктуу пайдаланууга чакырат.

Үстүбүздөгү жылы бул Кыргызстандын демилгеси боюнча кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган үчүнчү резолюция болуп калды. 16-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында «Жаратылыш чек араны билбейт» деп аталган биринчи резолюция кабыл алынган, ал эми экинчиси — 23-ноябрда ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын алкагында Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жүргүзүүнү жана изилдөөнү күчөтүү кабыл алынган.

Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы тууралуу резолюция БУУга мүчө бардык өлкөлөр тарабынан бир добуштан колдоого алынган. Мындан тышкары 93 мамлекет аталган документти колдогон.

Ошентип, бул резолюцияны ишке ашыруунун алкагында Тышкы иштер министрлиги келерки жылы БУУнун 2023-2027-жылдарга чейинки мезгилге Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерин кабыл алуу боюнча Кыргызсандын демилгесин көтөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM