Биз менен байланышыңыз

Таштанды бөтөлкөдөн баарына керектүү буюм чыгарган завод ачылды

Ден соолук , Коом , Экономика | 17 Дек 2021 | 4252 | 0

Бүткүл дүйнөдө экологиянын эң башкы «душманы» пластикалык каражаттар болуп, аны иргөө, кайра иштетүү курч маселе бойдон калып келет. BeGreen экологиялык кыймылы бул маселени чечүү үчүн атайын демилге көтөргөн. Мунун натыйжасында пластик каражаттарды чогултуу үчүн алгач Бишкек шаарында таштанды челектерди орнотушкан. Бүгүн 17-декабрда бул кыймыл Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү заводдун ачылышын жасашты. 

BeGreen экологиялык кыймылы алкка пластик тууралуу маалымат жеткирүү, таштандыны иргөө, ишкердик багытта иш алып барат. Кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Илимбек Бактыбек улуунун айтымында, экологиялык кыймыл 2019-жылдан бери Бишкек шаарынын аймагында 500дөй таштанды челек орноткон. Учурда пластиктен синтепон чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат.


«Март айынан тарта синтепон чыгарууну планга койгонбуз. Сиздер көргөн завод — биринчи гана багыт. IT жаатын да камтып кеттик. Кыргызстандагы таштандылардын базасы тууралуу маалыматтар менен иштейбиз. Бул мамлекет үчүн да, эл үчүн да керек. Канчалык таштандыны туура пайдалана жана колдоно алсак, өндүрүүгө да ошончолук мүмкүнчүлүк болот. Таштандыдан бизнес жасаса болот, бирок оңой эмес. Башка бирөөлөргө дайым муктаждык болуп турат. Кыргызстандын деңгээлинде азырынча эч ким иштетпейт. Биз алгачкылардан болуп жасап жатабыз. Желим бөтөлкөдөн биринчи флекс деген акыбалга алып келебиз. Бул этикеткасын сыйрыйт. Капкагын өзүнчө бөлөт. Кээ бир желим бөтөлкөлөр ар кандай түстөрдө болот. Алар да өзүнчө процесстен өтүп келип, бизге флекс деген материалды берет. Башка каражаттарды да чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз». 

Жерге көмүлгөн желим 450 жылда чирип жок болот. Ал эми желим бөтөлкөнү коюп койсоңуз, 2 миң 397 жылга чейин калыбынан бузулбай тура берет. Кыргызстанда 1 млн 180 миң ГМО иштелип чыкса, аны 21%ын пластик каражаттар түзөт.

Инвестиция агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Нурадил Баясов пластикти кайра иштетүүчү заводдун экологияга жана экономикага кошкон салымы чоң деп белгилейт. Кыргызстанда 400дөн ашуун таштанды полигону бар. Акыркы 3-4 айдан тарта таштандыны иргөө иштери болуп жатканын жана өкмөт мындай өндүрүштөрдү колдоорун билдирди.

«Экологиялык маселенин терс таасирлери калктын ден соолугуна зыян алып келет. Экология маселеси — азыркы тапта эң актуалдуу маселелердин бири. Бул ишкана кичине болсо да, таза шаар, таза айыл үчүн алгылыктуу иштерди жасап келет. Инвестиция агенттиги мындай өндүрүштөрдү дагы да жакшыртуу үчүн колдоого алат». 

BeGreen кыймылы желим бөтөлкө таштоочу урналарды жана пластикти майдалоочу заводду курганга 6 млн сом жумшаган. Бул тууралуу кыймылдын жетекчилеринин бири Аман Сейдакматов айтып берди. Ал Кыргызстандын экологиясы күндөн күнгө оорлоп баратканына тынчсызданат.


«Ар адамдын ойлоно турган маселеси десем болот. Бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдүн бири. Учурда Кыргызстандын экологиясы күндөн күнгө оорлоп баратат. Бишкектин абасы кир болгондуктан, көчүп кеткендерди да көрүп жатабыз. Ошондуктан бул көйгөйгө олутуу карап, көңүл буруу кажет. Жалпы өлкөнүн маселелеси катары кабыл алсак гана чечилет. Баарыңыздарды жаратылышка көңүл бурууга жана биз менен болууга чыкырабыз». 


BeGreen экологиялык кыймылын жигердүү жаштар Бактыяр Замирбеков, Илимбек Бактыбек уулу, Аман Сейдакматов негиздеген. Алардын эң негизги максаты: таштандыны иргөө маданиятын пайда кылуу. Азыркы таштандыдан пайда болгон көйгөйдүн эң натыйжалуу жолу: аларды иргөө. Муну айтып эле койбой, ошол маданиятты калыптандыруу керек.

Copyright © 2017 Maral FM