Биз менен байланышыңыз

Бажы башчы: Кытайдан Кыргызстанга келген жүктүн агымы көбөйдү

Экономика | 16 Дек 2021 | 1277 | 0

Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик бажы кызматы 2021-жылда жасалган иштер туурасында маалымат берди. Төрага Адилет Кубанычбековдун айтымында, быйылкы жылы бажы салыгынан 41 млрд сом чогулган. Ошондой эле коррупцияга аралашты делген маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, 40 кызматкер иштен алынган.

Жыйында козголгон эң орчундуу маселе Кыргызстанга Кытайдан кирген жүктүн агымын көтөрүү болду. Адилет Кубанычбеков пандемия маалында «Торугарт», «Эркечтам» өткөрмө бекеттери аркылуу күнүнө 30дай унаа кирип турса, учурда алардын саны 125ке жеткенин айтты.

Эскерте кетсек, Адилет Кубанычбеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына октябрь айында дайындалган. Аны бекитүү учурунда президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ноябрь айынан тарта Кытайдан келген жүктүн агымын көбөйтүү; Орусия, Казакстан, Өзбекстан менен тыгыз байланыш түзүү; үч ай ичинде бажы тармагына толук кандуу реформа жасоо тапшырмасын берген. Бул тапшырмалардын аткарылышы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы төмөнкүлөргө токтолду:

«Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү бекеттеринен өлкөгө 30дай унаа кирип турса, бүгүнкү күндө алардын саны 125ке жетти. Экинчи берилген тапшырма боюнча Орусияга барып, алардын талаптарын, андан соң Казакстанга да барып, алардын да талап-сунуштарын угуп келдик. Буйруса, алдыда жакшы пландар болот. Алар менен иштешкенге биздин акылыбыз да, күчүбүз да жетет деп ишенем. Орусия тараптан бизге чоң талаптар коюлган жок. Бир гана ак иштөөбүздү, аткезчиликке жол бербешибизди өтүнүштү».

Жыйындын жүрүшүндө Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин өлкөсүндө кармалып турган Кыргызстандын 700-900 контейнерин чыгаруу тапшырмасын бергени маалым болду. Ошондой эле Орусия Кыргызстанга материалдык-техникалык жардамдарды арбын берип келери, 2015-жылдан бери эле Кыргызстандын бажы кызматына 127 млн доллар бөлгөнү да айтылды. Бул сумма лабораториялардын жана өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртууга жумшалган.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун үчүнчү тапшырмасына ылайык, Бажы кызматын өнүктүрүү үчүн беш баскычтуу концепция кабыл алынган.

  1. Мыйзамдардын базасын жөнөкөйлөтүү: Министрлер кабинетине 1-2 пункт боюнча сунуш киргизилген. Убакыт — бир ай;
  2. Бажы процессин жөнөкөйлөтүү: бул боюнча бажы кызматынын адистери иш жүргүзүүдө;
  3. Бажы процессин санариптештирүү жана автоматташтыруу: Ондон ашык IT-адиси бажы кызматын санариптештирүү моделин түзүп жатат. Андан кийин программалоого өтөт. Ал аткезчилик менен күрөшүүгө, бизнести колдоого жардам берет. Убакыт — үч жыл;
  4. Кадр дараметин күчөтүү: 2022-жылдан баштап ротация жүргүзүлөт. Мындан сырткары кызматкерлердин билимин жогорулатуу үчүн окутуу иштерин уюштурууга жумушчу топ түзүлдү. Аттестациядан өткөндөр гана иштей алат;
  5. Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү: Орусия тарап каржылык жардам көрсөтүүдө. Өткөрүү бекеттери оңдолуп, бүткөрүлөт.

Бажы кызматынын өкүлү Айзада Халикова мамлекет Кытай менен соода тармагын жандантуу маселесин көрүп жатканын билдирди.

«2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кытайдан Кыргызстанга кирген импорт 57,5% кыскарган. Жүк ташыган унаалардын саны 10 эсе азайган. Кыргызстан Кытайдан негизинен текстиль товарларын, электрондук техниканы, курулуш материалдарын алат. Жергиликтүү базарда Кытайдан келген товардын үлүшү чоң. Биздин бюджеттин 70 пайызы Кытай өлкөсүнө байланыштуу десек болот. Андыктан алдыда алгылыктуу иш-аракеттер пландалууда». 

Макаланын башында учкай кеп кылып өткөндөй, журналисттик иликтөөдө бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар делип, 40 кызматкердин аты аталган. Мунун негизинде текшерүү жүргүзүлүп, алардын көпчүлүгү иштен алынган. Айрымдарынын бул ишке тиешеси жогу далилденген.

Быйылкы жылдын 11 айында 2 миңден ашуун укук бузуу фактысы катталган. Алардын 2 миң 70ине иш козголуп, 95 млн сом айып өндүрүлгөн. Андан тышкары мамлекеттик бюджетке келтирилген 235 млн сом зыяндын орду толтурулган.

Copyright © 2017 Maral FM