Биз менен байланышыңыз

Бишкекте УКМКнын академиясы курулат

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 320 | 0

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров УКМКга караштуу №64479 аскер бөлүгүнүн 50 жылдык мааракесине барганда айтылды.

Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоо жана билим берүү процессин жакшыртуу максатында генерал-лейтенант А. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында УКМКнын академиясын куруу маселеси каралып жатат.

Институт 2011-жылы түзүлгөн. Учурда анда УКМКнын кызматкерлери билим алат.

Copyright © 2017 Maral FM