Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 9 миң 954 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинен 4 миң 409 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 545 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 174 миң 295 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 958 миң 447 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда калк SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.